Кыргызстанда жер титирөөнүн күчү 2,5 балл сезилди
- 5 месяцев мурун
Кыргызстанда жер титирөөнүн күчү 2,5 балл сезилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн таңкы саат 7:37де Тажикстандын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 3,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды.
Жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Карамык, Шибе айылдарында 2,5 баллга (Карамык айылынан 18 чакырым түштүк батышта, Шибе айылынан 25 чакырым түштүк батышта, Баткен шаарынан 105 чакырым түштүк чыгышта) чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөнүн кесепетинен жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Муну бөлүшүү