Кыргызстанда жер титирөө катталды
- 1 год мурун
Бүгүн, 24-майда саат 06:25те Кыргызстандын аймагында магнитудасы 3,5ке жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Сейсмология институту маалымдады.
Жер титирөө Жалал-Абад облусунун айрым аймактарында сезилди: Майлуу-Суу шаарында жана Ноокен районунун Тоскоол айылында 3,5 баллга чейин, Кара-Булакта 3 баллга, ал эми Массы айылында 2,5 баллга чейин жетти.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Муну бөлүшүү




