Кыргызстанда жер титирөөдөн урап түшкөн объектилер аныкталган жок

  • 6 месяцев мурун

Кыргызстанда 23-январдагы жер титирөөдөн урап түшкөн объектилер аныкталган жок. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык-чарба мамлекеттик агенттиги маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, Бишкек шаары боюнча Мамлекеттик архитектура курулуш контролдоо башкармалыгы жана Мамкурулушка караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун кызматкерлери менен биргеликте визуалдык кароо учурунда урап калган, же көчүп түшүп жашоочулардын мындан аркы жашоо шартына коркунуч жараткан объектилер аныкталган жок.

«Жер титирөөгө негизинен Бишкек шаары жана анын айланасындагы курулуштар толугу менен туруштук берди. Ал эми жарандарыбыз жиберген жаракалар курулуштун негизги стандарттарынын бузулушуна дал келбейт. Шыбактын, бөлмөлөрдүн бөлүкчөлөрү, жер кыртышынын чөгүүсүнөн жана башка оорчунду курулушка тиешелүү иштер катталган жок», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 23-январь күнү саат 00:09да Кытайдын аймагында күчү 8 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын аймагында 6 балл, Каракол шаарында, Тоң районунун Каджы-Сай айылында 4,5 балл, Нарын облусунун Нарын шаарында 4 балл, Бишкек шаарында 3 баллга (Каракол шаарынан 137 чакырым түштүк- чыгышта, Каджы-Сай айылынан 150 чакырым түштүк -чыгышта, Нарын шаарынан 275 чакырым түштүк -чыгышта, Бишкек шаарынан 300 чакырым түштүк- чыгыш) чейин сезилген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты