Кыргызстанда жашоо минимуму 7 миң 502 сомду түздү

  • 1 год мурун

2023-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда жашоо минимуму 7 миң 502 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин сайтында айтылат.

Эмгекке жарамдуу курактагы калк үчүн бул сумма 8 миң 636,2 сомду түзсө, пенсионерлер үчүн 6 миң 650 сомду, балдар үчүн 6 миң 416 сомду түздү.

Жашоо минимумунун эң жогорку көлөмү Жалал-Абад облусунда (7,8 миң сом), Бишкекте (7,6 миң сом) жана Нарында (7,5 миң сом) экени белгилүү болду.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты