Кыргызстанда жашоо минимуму 7,7 миң сомго жетти

  • 10 месяцев мурун

2023-жылдын үчүнчү кварталынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда жашоо минимумунун көлөмү 7 миң 756,46 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Бул сумма ушул жылдын биринчи жарым жылдыгына салыштырмалуу 79 сомго, 2022-жылдыкына салыштырмалуу 578 сомго жогору.

Жашоо минимумунун негизги бөлүгүн азык-түлүк корзинасы түзөт, анын үлүшү — 65%.

Эмгекке жөндөмдүү курактагы калк үчүн жашоо минимумунун өлчөмү 8 миң 671,54 сом, пенсионерлер үчүн — 6 миң 878,74 сом, балдар үчүн — 6 миң 598,05 сом.

Жашоо минимумунун деңгээли Бишкек шаарында эң жогору — 8 миң 68,58 сом, эң төмөн Талас облусунда — 7 миң 202,57 сом.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты