Кыргызстанда жаш даректүү тасма режиссёрлору үчүн интенсив өттү  

  • 10 месяцев мурун

Жаш даректүү тасма авторлору үчүн уюштурулган алты күндүк өндүрүштүк интенсив 7-12-август күндөрү өттү. 

Бул программа «Кыргызфильм» улуттук киностудисынын каржылык колдоосу менен Бишкек даректүү тасмачылар лабораториясы тарабынан ишке ашырылды. 

Алгачкы интенсивге конкурстук тандоонун негизинде тогуз жаш документалист катышты. 

Тажрыйбалуу чет өлкөлүк устаттардын  жетекчилиги астында катышуучулар өз долбоорлорун иштеп чыгып, аларды эл аралык аянтка чыгарууга даярдашты. 

Программанын максаты режиссерлорго теориялык билим жана, атаандаштыкка жөндөмдүү тасмаларды жаратуу үчүн практикалык көндүмдөрдү да үйрөтүү болуп саналат.

Кийинки этабында катышуучулар алты айлык устаттык программага өтүшөт. Алар ай сайын кеңеш алып, долбоорлорун тизер менен коштолгон инвестициялык пакетке чейин жеткиришет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты