Кыргызстанда жарым жылда 330 миң чет элдик жаран каттоого турган

  • 12 месяцев мурун

Кыргызстанда жарым жылда 330 миң чет элдик жаран катталды. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Жазгүл Кийизбаева билдирди.

Анын айтымында, бул көрсөткүч 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бир кыйла өскөн. Анда 297 миң чет элдик жаран катталган.

«Катталган жарандардын басымдуу бөлүгүн эмгек мигранттары, студенттер, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн келген туристтер түзөт», — деди Кийизбаева.

Өз кезегинде Кыргызстанда Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун президентинин кеңешчиси Максат Усубалиев алардын линиясы аркылуу дагы климатка көнүү жана машыгуу процессинен өтүү үчүн көбүрөөк убакыт талап кылынган альпинисттер жана саякатчылар келип жатышканын белгиледи.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты