Кыргызстанда жарандардын пенсияга чыгуу курагы жогорулатылбайт

  • 2 года мурун

Кыргызстанда жарандардын пенсиялык курагы жогорулатылбайт. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев маалымат жыйында билдирди.

Алиев өлкөдө пенсиялык реформа жыйынтыкталганын айтты.

“Документтерди макулдашууга тиешелүү ведомстволорго жөнөтүлгөн. Глобалдык өзгөртүүлөр жок, пенсиялык курак мурдагыдай эле калат. Реформада бир гана пенсия алуу үчүн документтерди чогултууну жеңилдетүү каралды”, — деди ал.

2022-жылдын 1-июлуна карата өлкөдө 728 миң 164 адам пенсия алат. Кыргызстанда пенсияга аялдар 58, эркектер 63 жашында чыгат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты