Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли коркунучтуу чекке жетип калганы чындык (Фактчекинг)

6-июнь күнү “Kazakhstan Newsline” сайтында “Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли жогорку чекке жетти” деген билдирүү жарыяланган. Анда бул маалыматты БУУнун адам укуктары боюнча атайын баяндамачысы Оливье Де Шуттер айтканы белгиленген.

Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли коркунучтуу чекке жетип калганы чындык (Фактчекинг)

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты статистикалык булактардан текшерип көрдү. 

Кыргызстандагы жакырчылык 

3-июнь күнү БУУнун жакырчылык жана адам укуктары боюнча атайын баяндамачысы Оливье Де Шуттер Кыргызстандагы жакырчылык боюнча маалымат берген. 

Анын айтымында Кыргызстанда калктын жакырчылык деңгээлин төмөндөтүү боюнча эффективдүү практика жок. Ошондуктан, Өкмөт азык-түлүккө болгон баанын жогорулашына байланыштуу өзүнүн социалдык программаларын, ошондой эле жакырчылыктын улуттук чегин жана жашоо минимумунун деңгээлин кайра карап чыгуусу зарыл.

“Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли абдан жогору. Биздин колубуздагы акыркы маалыматтарга ылайык, Республиканын калкынын 25,3% өтө жакырчылыктын чегинде жашайт. Негизинен булар айыл жеринин тургундары. Эгерде жашоо минимумунун өлчөмүнө объективдүү карасаңыз, анда Кыргызстандын калкынын 70% жакырчылыктын чегинде жашайт”, — деп айткан Оливье Де Шуттер.

Бириккен улуттар уюму жүргүзгөн мониторингге ылайык, Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгон маалда эң жакыр мамлекеттердин катарына кирген. Ошол учурда Кыргызстандын калкынын үчтөн бир бөлүгү же 33%ы жакырчылыкта жашашкан. СССРдин курамынан чыгып, эгемендүү мамлекет катары калыптана баштаган жылдары 1990-2000-жылдар аралыгында Республикада жакырчылык рекорддук чекке жетип, калктын 62,6%ы жакырчылыкта жашап калышкан. Кийинчерээк бул сан кыскарып отуруп, 20,1%га чейин түшкөн. 

Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли коркунучтуу чекке жетип калганы чындык (Фактчекинг)

Бирок, 2020-жылы коронавирус пандемиясынан жана дүйнөдөгү экономикалык каатчылыктан улам, Кыргызстандагы жакырчылыктын деңгээли кайра жогорулай баштаган. 2020-жылы Кыргызстандын калкынын төрттөн биринен ашыгы (25,3 пайызы) же 1,68 миллион адам жакырчылыкта жашаганы маалым болгон. 

Дүйнөлүк банктын божомолу боюнча, Кыргызстандагы жакырчылыктын деңгээли 2022-жылдын аягында 38%га жетиши мүмкүн. 

Heritage Foundation уюмунун 2022-жылдагы мониторингине ылайык, Кыргызстанда акыркы жылдары экономикалык көрсөткүчтөр, сөз эркиндиги, сот эркиндиги сыяктуу маанилүү багыттар артка карай кетип жатканы айтылат. 

Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли коркунучтуу чекке жетип калганы чындык (Фактчекинг)

Ага ылайык, Кыргызстандын экономикалык эркиндик көрсөткүчү 55,8 түзүп, 2022-жылдагы индексте 116-орунга түшкөн. Бул Кыргызстандын экономикасы эркин эмес дегенди билдирет. 

Жыйынтык: Статистикалык маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли өсүп жатканы чындык. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты