Кыргызстанда жаңы жылга караган түнү 367 ымыркай төрөлдү
- 5 месяцев мурун
2025-жылдын 31-декабры саат 08:00дөн 2026-жылдын 1-январы саат 08:00гө чейин өлкө боюнча жалпысынан 367 бала төрөлдү.
Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен 177си эркек бала, 190у кыз бала. Ошондой эле 9 кесарево операциясы жүргүзүлдү. Алгачкы ымыркай Ысык-Ата жалпы дарыгердик практика борборунда так саат 00:00дө төрөлдү. Анын салмагы 3 кг 915 г болгон кыз бала.
2026-жылдын 1-январы саат 00:00дөн 00:10го чейинки аралыкта жалпы 11 бала жарык дүйнөгө келди (5 кыз, 6 уул). Эң көп төрөт Жалал-Абад облусунда катталып, 81 төрөт кабыл алынды. Ош шаарында жана Ош облусунда – 68, Бишкек шаарында – 69 төрөт болду.
Муну бөлүшүү




