Кыргызстанда өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын аянтын көбөйтүү пландалууда

  • 4 месяца мурун

Кыргызстанда өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын аянтын өлкөнүн жалпы аймагынын 10%ына чейин көбөйтүү пландалууда. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Мекеменин маалыматына караганда, жогоруда көрсөтүлгөн пландын алкагында Баткенде аянты 8160 гектар “Мадыген” жаратылыш эстелиги, Жалал-Абад  облусунда  64 105 гектарлык Чаткал экологиялык коридору түзүлгөн. 

Учурда Ош облусунун Чоң Алай районунда аянты 67 миң га “Чоң Алай” жана Баткенде “Арка” мамлекеттик жаратылыш паркын уюштуруу боюнча иштер жүрүүдө. 

Азыркы тапта Кыргызстандагы өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын тармагы өлкөнүн жалпы аянтынын 7,38% түзөт. Мындай аймакка 10 мамлекеттик жаратылыш коругу (509,9 миң га), 13 мамлекеттик жаратылыш паркы (724,9 миң га), 64 өзгөчө корук (комплекстүү, ботаникалык, зоологиялык, токой, аянты 241,5 миң га), ошондой эле Бишкек шаарындагы Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бакча жана Каракол шаарындагы зоологиялык парк кирет.

Сүрөт: Интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты