Кыргызстанда ысыктан улам электр керектөө рекорддук деңгээлге жетти

Кыргызстанда абанын адаттан тыш ысышына байланыштуу электр энергиясын керектөө тарыхый максимумга жетти. 2026-жылдын 19-июлунда суткалык керектөө 50 млн 122 миң кВт·саатты түзүп, былтыркы ушул күнгө салыштырмалуу 18%га өстү.

Адистер муну жарандардын кондиционерлерди массалык түрдө колдонушу менен түшүндүрүшүүдө. Жогорку температура энергетикалык жабдууларга кошумча жүк берип, айрым жерлерде техникалык чектен ашкан учурлар катталган.

Ушуга байланыштуу Бишкек шаарында жана Чүй облусунун айрым аймактарында электр энергиясын убактылуу чектөө чаралары киргизилүүдө. Өчүрүүлөр эки сааттан ашпайт жана системалык аварияларды алдын алуу максатын көздөйт.

Энергетиктер жарандарды электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырып, бул чаралар убактылуу экенин белгилешти.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты