Кыргызстанда умра сапарына убактылуу чектөө киргизилди

  • 5 месяцев мурун

Кыргызстанда жарандардын умра сапарына баруусуна убактылуу чектөө киргизилди. Мындай чечим, бүгүн 7-мартта өткөн муфтияттын жыйынында кабыл алынды.

Жыйынга муфтий Абдулазиз Закиров, Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышып, Сауд Арабиясына барган кыргыз жарандарынын коопсуздугу жана чет өлкөдө калып калган жарандарды мекенине кайтаруу маселелери талкууланды.

Жыйынтыгында туристтик компанияларга жана авиакомпанияларга кырдаал турукташканга чейин жарандарды умрага жөнөтпөө сунушталды. Ошондой эле токтоп калган каттамдарды кайра жандандыруу боюнча иштер жүрүп жатканы маалымдалды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты