Кыргызстанда ТикТоктун чектелиши: Башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы жана эки тараптуу ой

Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы өлкөнүн интернет-провайдерлерине 18-апрелге чейин TikTok’ко кирүүнү чектөө боюнча кат жолдогон. Айрым интернет провайдерлерде TikTok платформасы ачылбай калды.

Министрлик мындай чечимди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) катынын негизинде кабыл алганын жана бул балдардын психикалык саламаттыгын сактоого багытталганын билдирген. 

Бул маалымат интернетте түрдүү пикирлерге жол ачты. Кээ бирлери ТикТоктун жабылганын колдосо, башкалары бул цензура аракети экенин жазышкан. 

Кыргызстанда ТикТоктун чектелиши: Башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы жана эки тараптуу ой
Кыргызстанда ТикТоктун чектелиши: Башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы жана эки тараптуу ой

“ПолитКлиника” медиасы  TikTok социалдык тармагы жана башка өлкөлөрдүн бул соцтармакты чектөөгө болгон аракети кандай натыйжа бергенин анализдеп көрдү. 

TikTok социалдык тармагы

TikTok тиркемеси алгач 2016-жылы Кытайдагы ByteDance жеке интернет холдинг компаниясы тарабынан иштелип чыгып, “Douyin” деп аталган. Платформа көп өтпөй ийгиликке жетип, клиптерди жаратуу жана бөлүшүү аянтчасы катары жаштар арасында популярдуулукка ээ боло баштаган. 

Кийинчерээк тиркеменин аты “TikTok” деп өзгөртүлүп, 2018-жылдан баштап бир гана Кытайда эмес, дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө да тарай баштаган.

Статистикага ылайык, азыркы учурда аталган тиркеменин активдүү колдонуучулары 1,1 миллиарддан ашып, дүйнө жүзү боюнча эң тез өнүгүп келе жаткан колдонмолордун бири болуп эсептелет.

Белгилүү болгондой, тиркеменин активдүү колдонуучуларын жаштар түзүп, 63%га жакыны 10 жаштан 29 жашка чейинкилер түзөт. 

Тиркемени чектөө аракети жана себептери

TikTok тиркемесине буга чейин дүйнөнүн бир канча мамлекеттеринде чектөө киргизүү учурлары болгон.

Алсак, Индияда  2020-жылы купуялуулукка” жана “коопсуздукка” байланыштуу TikTok жана башка ондогон кытай колдонмолоруна, анын ичинде WeChat жазышуу колдонмосуна тыюу салган. 

Тиркеме Google Play жана App Store маркетплейстеринен алынып салынгандан кийин бир топ нааразычылыктар жаралганын India Today, CNN агенттиктери жазып чыгышкан. Башка булактагы маалыматтарга караганда, Индияда VPN менен TikTok социалдык тармагын көчүрүп алуу азыркы күнгө чейин актуалдуу. 

Пакистанда,  Афганистанда жана Сомалиде “ТикТок адеп-ахлаксыз мазмунду жайылтат” деген жүйө менен чектелген. Ал эми Тайванда ТикТок Пекиндин пропагандасын жайылтып, маалыматтарды жыйноого өбөлгө түзөт деген кооптонуу менен чектөө чечими кабыл алынган. 
Америка Кошмо Штаттары TikTok социалдык тармагына чектөө киргизүүнү активдүү колдогон мамлекеттердин бири. 2023-жылдын июнь айына карата АКШдагы 50 штаттын 34үндө федералдык жана мамлекеттик кызматкерлерге колдонмону өкмөттүк түзүмдөрдө колдонууга тыюу салынган. Америкалык расмий өкүлдөрдүн айтымында, TikTok кытайлык компания катары Пекинге америкалыктар тууралуу маалыматтарды чогултуу жана коомдук пикирге таасир этүү мүмкүнчүлүгүн берет. Мыйзам чыгаруучулар платформа менен бир нече жылдан бери күрөшүп келишет.

ТикТокту мамлекеттик түзүмдөрдө колдонбоого болгон аракет 

ТикТокту мамлекеттик деңгээлде тыюу салууга аракет кылган өлкөлөрдүн көпчүлүгүндө аталган тиркемени бардык секторлордон эмес, мамлекеттик маанидеги түзүмдөрдө колдонбоо чечимин кабыл алышкан.

Алсак, Австралия 2023-жылы федералдык өкмөттүн түзмөктөрүндө ТикТокту колдонууга тыюу салган. Бул кадамды Австралиянын бийлик өкүлдөрү “Кытайга таандык болгон компания колдонуучулар тууралуу маалыматтарды жыйнап, өз кызыкчылыгы үчүн колдонушу мүмкүн” деген кооптонуудан улам кабыл алышканын билдиришкен. 

ТикТок платформасы Евробиримдиктик кызматкерлеринин кызматтык телефондорунда бөгөттөлгөн. Себеби катары,Tiktok Кытайдан келген тиркеме болгондуктан, алар колдонуучулардын жеке маалыматтарын эмне кыла алат жана кытайлар бул тиркемени колдонуп колдонуучуларды аңдый алабы деген кооптонуулар күч алып жатканы себеп болгон. 

Ушул сыяктуу эле, бир катар өлкөлөрдө мамлекеттик кызматкерлер үчүн ТикТок платформасы бөгөттөлгөн. Алар: Белгия, Дания, Канада, Жаңы Зеландия, Улуу Британия. 

Азыркы учурда жогоруда аталган көпчүлүк мамлекеттерде бул багытта кызуу дискуссиялар жүрүп жатат.

 Чжоу Шоузи:“TikTok өз оюн эркин билдирүүчү платформа бойдон кала берет” 

ТикТок көпчүлүк мамлекеттер кооптонгон “Кытайга маалымат жеткирүү” жана “мамлекеттик деңгээлдеги коркунуч жаратуу” тууралуу айыптоолорду четке кагып келет. 

2023-жылы TikTok социалдык тармагынын башкы директору Чжоу Шоузи АКШ Конгрессиндеги угууда платформа колдонуучулар тууралуу жыйнаган маалыматты башка сервистерден айырмаланбай турганын жана ТикТок колдонуучуларга бизнесин өнүктүрүү жана көңүл ачуучу платформа катары кызмат кыларын билдирген

“Чет өлкөлүктөрдүн америкалыктардын жеке маалыматтарына каалабаган кирүүсүнө жана Кошмо Штаттардагы ТикТок экосистемасынын мүмкүн болуучу манипуляциясына байланыштуу олуттуу тынчсызданууларды угуп жатабыз. Биздин мамилебиз эч качан бул тынчсызданууларды четке кагуу же басаңдатуу болгон эмес. Биз реалдуу иш-аракет менен жооп бердик. Мен АКШда ай сайын активдүү колдонуучулардын саны 150 миллиондон ашканын билдирүүгө кубанычтамын, АКШнын калкынын дээрлик жарымы ТикТокко тажрыйба алмашуу, үйрөнүү же жөн гана көңүл ачуу үчүн киришет. Беш миллион жаран ТикТокту кардарлары менен байланышуу үчүн жана бизнесин өнүктүрүү үчүн  колдонушат. Алардын басымдуу бөлүгү чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү”, — деп билдирген Чжоу Шоузи.

Ошондой эле Чжоу Шоузи балдардын жана жаштардын коопсуздугун коргоо компаниянын приоритети экенидигин айткан:

“TikTok өз оюн эркин билдирүүчү жер бойдон кала берет жана эч кандай өкмөт тарабынан манипуляцияланбайт. Платформа ачык-айкын жана зарыл болсо, үчүнчү тараптын (ред. — анын ичинде ата-энелердин) көз карандысыз байкоочуларына мүмкүнчүлүк берет”., -деп белгилеп өткөн.

ТикТок тууралуу изилдөөчүлөр эмне дейт? 

Жогоруда белгиленгендей, ТикТок социалдык тармагы тууралуу негативдүү жана позитивдүү пикирлер бар. 

Алсак, 2023-жылы кытайлык изилдөөчүлөрдүн  “ТикТоктун заманбап өспүрүмдөргө психологиялык таасирин талдоо” аттуу анализинде, ТикТок өспүрүмдөргө эки  багытта таасир бере турганы айтылат.

Алгачкысы негативдүү таасир болуп, бул өспүрүмдө өзүн бирөө менен салыштыруу, көз карандылык жана башка бирөөнү имитация (ред. тууроо) кылуусуна өбөлгө түзүшү мүмкүн деген жыйынтыкка келишкен. 

Изилдөөдө ТикТоктун позитивдүү таасирлери да көп экени баса белгиленет. Алсак, ТикТок өспүрүмдөргө салттуу үйрөтүү методикаларынан айырмаланып, пайдалуу маалыматтарды жеңил жана бат үйрөнүүгө шарт түзүп, өз оюн билдирүү, тартынбоо жана пикирлеш досторду табуу үчүн мыкты платформа экени белгиленет.

2022-жылы жүргүзүлгөн дагы бир изилдөөдө, ТикТок социалдык тармагын адамдар ар түрдүү максатта колдоно турганын жана бул платформа көпчүлүгү үчүн өз оюн айтуу, социалдашуу жана маалымат таратуу платформасына айланганы баса белгиленген. 

Башка бир изилдөөдө ТикТок тил үйрөнгөн өспүрүм үчүн пайдалуу платформа экени айтылат. Анда изилдөөчү 1-класстан 6-класска чейинки 53 окуучунун англис тилин өздөштүрүү жана сөз байлыгына ТикТок платформасынын таасирин анализдеп чыккан. Жыйынтыгында, аталган платформа жеңил жана көңүл ачуучу формада окуучулардын тил үйрөнүүсүнө позитивдүү таасир бере турганы белгиленген. 

Көйгөйлөр ТикТокту чектөө менен чечилеби?

Кыргызстанда ТикТок социалдык тармагын жабуу менен маселе чечилбей турганын айткандар арбын. 

Балдар психологу Тынчтыкбек Бакытов “24.кж” маалымат агенттигине 2023-жылы берген маегинде чектөөлөрдөн майнап чыкпай турганын айтып өткөн.


“Бүгүнкү күндө дүйнө тездик менен өнүгүп жатат. Балдарга социалдык тармактарга кирүүнү тыюу салуу кыйын болот. Ата-энелер дагы аларга көнүп калышты. Соцтармактар күнүмдүк жашообузда бизге пайдалуу боло алат. Бир нерсени табуу, буйрутма берүү, маалымат алуу үчүн колдонууга болот. Интернет аркылуу онлайн китепканаларга кире алабыз. Ар кандай видеолордун жардамы менен балдар мектеп темаларын дагы да тереңирээк өздөштүрүп, сабактарга даярданышат”, — деп билдирген ал.

Ал эми балдарды азгыруучу контенттерди чектөө үчүн өспүрүмдөр менен жакын мамиледе болуу жана көзөмөл кылуу маанилүү экени белгиленген. 

Ал арада, 18-апрелде Кыргызстанда ТикТок бөгөттөлгөндөн кийин бир топ интернет колдонуучулары тиркемеге VPN аркылуу кирип, ТикТокту колдонууга болоорун жазып чыгышты. 

Кыргызстанда ТикТоктун чектелиши: Башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы жана эки тараптуу ой

Белгилей кетсек, VPN же виртуалдык жеке тармак Интернетти колдонгон түзмөктөр ортосунда жеке тармак байланышын түзөт. VPN коомдук тармактар ​​аркылуу коопсуз маалыматтарды берүү үчүн колдонулуп, бөгөттөлгөн маалымат каражаттарын анын ичинде TikTok сыяктуу чектелген платформаларга кирүүгө шарт түзөт.

TikTok’ту чектөө өз максатына жетпей турганын жана балдар зыяндуу маалыматтарды башка Ютуб, Телеграм, Инстаграм сыяктуу социалдык тармактардан көрүүнү уланта бере тургандыгы тууралуу да пикирлер пайда болду. Бул тууралуу Кыргызстандагы популярдуу пабликтердин бири omks.kg баракчасында жарыяланды. 

Анда, ТикТокту чектөө эмес балдарга кандай контент көрүү керектигин үйрөтүү маңыздуураак болору айтылган. 

Кыргызстанда ТикТоктун чектелиши: Башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы жана эки тараптуу ой

Белгилей кетсек Кыргызстанда калктын 90%ы интренет колдонот. Өлкөдө Инстаграм колдонуучуларынын саны 72% болуп, популярдуулугу боюнча биринчи орунда турат. Ал эми 18-апрелде өлкө аймагында чектелген ТикТокту колдонгондор 69%ды түзөт. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты