Кыргызстанда «Түрксой» эл аралык уюмунун күндөрү өтөт

  • 1 год мурун

Кыргызстанда «Түрксой» эл аралык уюмунун күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов жана «Түрксой» уюмунун баш катчысы Султан Раев менен болгон жолугушууда белгилүү болду.

Анда Султан Раев түрк тилдүү мамлекеттердин орток маданиятын даңазалаган эл аралык уюмдун негизги максаты түрк элдеринин жалпы материалдык жана маданий баалуулуктарын сактоого жана өнүктүрүүгө багыт алганын белгилөө менен, «Түрксой» уюмунун түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналып жатканын билдирди. Ошондой эле, ал өз сөзүндө уюмдун 30 жылдыгына карата мамлекеттик деңгээлде бир катар иш-чаралар өтө турганын белгилеп, министр Алтынбек Максутовго иш- чаралар планы долбоору менен тааныштырды. Өз кезегинде Алтынбек Максутов мындай эл аралык маанидеги түрк дүйнөсүнүн маданиятын даңазалаган иш- чараларды колдоого ала тургандыгын, ошондой эле аны жогорку деңгээлде уюштуруп өткөрүү боюнча даярдыктарды көрөрүн маалымдады.

«Түрксой» эл аралык уюму 1993-жылы Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Түркиянын маданият министрлеринин макулдашуусунун натыйжасында түзүлгөн.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты