Кыргызстанда Салттуу музыка жумалыгы өттү

  • 2 года мурун

Кечээ, 25-апрелде Кыргызстанда өтүп жаткан Салттуу музыка жумалыгы аяктады. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстанда аталган майрам быйыл 18-жолу белгиленип, ага Казакстан, Түркия, Өзбекстан, Азербайжан, Россиянын Алтай жана Тыва республикаларынын өкүлдөрү катышты.

Жумалык маданий жана илимий бөлүктөрдөн туруп, аны Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана “Кыргыздын салттуу музыкасы” фонду менен биргеликте уюштурду.

Иш-чаранын расмий бөлүгү Кыргыз улуттук филармонияда “Салттуу музыка күнүнө” карата гала-концерт менен жыйынтыкталды.

Гала-концертте “Түрксой “ эл аралык уюмунун баш катчысы Султан Раев куттуктоо сөз сүйлөп, аталган иш-чараны түрк тилдүү мамлекеттердин маданий иш-чараларынын катарына кошо турганын белгиледи жана 2023-жылы Азербайжандын Шуша шаарында “Салттуу музыка күнү” белгилене турганын жарыялады.

Ошондой эле Раев салттуу музыка өнөрүн алып жүргөн өнөр ээлерин “Түрксой” эл аралык уюмунун атайын сыйлыктары менен сыйлады.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты