Кыргызстанда Салттуу музыка жумалыгы өтөт

  • 2 года мурун

20-25-апрель күндөрү Кыргызстанда кезектеги Салттуу музыка жумалыгы жана Эл аралык музыка жана бий конгресси өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелде маданият, маалымат, спорт, жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди:

“Салттуу музыка күнү быйыл 18-жолу белгиленгени жатат. Акыркы жылдары аны күн катары эле эмес, өзүнчө жумалык кылып белгилеп келе жатабыз. Быйыл эл аралык жаңы деңгээлге чыктык десем болот. Салттуу музыка жумалыгына Казакстан, Түркия, Өзбекстан, Азербайжан, Орусиянын Алтай жана Тыва республикаларынын өкүлдөрү катышат. Ал эми Венгрия, Италия, Улуу Британия, Индия жана Бангладеш өлкөлөрүнүн өкүлдөрү илимий багытта өтө турган конгресске онлайн форматта катышат”.

Маданий жана илимий бөлүктөрдөн турган иш-чараны министрлик “Кыргыздын салттуу музыкасы” фонду менен биргеликте уюштурууда.

Анын алкагында “Күү күнү”, “Ыр күнү”, “Дастан күндөрү” өтүп, ар бир бөлүк мастер-класс менен коштолот. Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында “Коркут-Ата” спектакли көрсөтүлүп, салттуу музыкалык искусствонун окуу жайларда окутулушу боюнча талкуулар, музыкалык окуу жайлардын отчеттук концерти жана “Улут наркы” көргөзмө-жарманкеси өтөт.

Салттуу музыкалык искусствонун айтуучулук багыты боюнча Кыргыз улуттук “Манас” театрынын манасчы, дастанчы, акындарынын концерти болот.

Иш-чаранын расмий бөлүгү 25-апрель күнү “Салттуу музыка күнүнө” карата гала-концерт менен жыйынтыкталат. 

Салттуу музыка жумалыгын өткөрүүгө мамлекеттик бюджеттен жалпы 1 млн 400 сом каралган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты