Кыргызстанда саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери аттестациядан өтөт

  • 2 года мурун

Кыргызстанда келерки жылдан тартып бардык саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерин аттестациядан өткөрүү механизмин киргизүү пландалууда. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Улан Садыков брифинг учурунда билдирди.

«Бул аларга карата кандайдыр бир административдик чараларды көрүүнү талап кылат. Балким, кайсы бир жетекчилер кызматынан бошотулуп, административдик чара колдонулар. Бул эми алар жасап жаткан иштин деңгээлине байланыштуу болот. Келе жаткан жылда Кыргызстандагы саламаттык сактоо мекемелеринин жетекчилерин аттестациядан өткөрүүнү пландап жатабыз. Анын жыйынтыгы боюнча чаралар көрүлөт», — деди Садыков.

Анын айтымнда, учурда аттестацияны өткөрүү боюнча механизм иштелип жатат, биринчи этап жаңы жылдын башы менен башталат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты