Кыргызстанда орус рублинин жүгүртүүгө чыгарылганы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт

Tuz.kg маалымат сайты «1-июлдан тарта орус рубли Беларусь Республикасы менен Кыргызстандын аймагында жүгүртүүгө киргизилет» деген маалымат чыгарган. Анда мындай маалымат Орусиянын Телеграм каналдарында пайда болгонун, буга чейин валюталык биримдикти түзүү боюнча чечимдер даярдалганы жазылат.

Кыргызстанда орус рублинин жүгүртүүгө чыгарылганы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

Маалымат tuz.kg сайтында 24-мартта жарыяланган. Бирок, аталган маалыматтын баштапкы булагы көрсөтүлгөн эмес. Болгону Орусиянын Телеграм каналдарында пайда болгонун жазып, кайсы каналда, качан, кимге шилтеме берилип жазылганы маалыматта көрсөтүлгөн эмес.

Кыргызстандын Улуттук банкы бул маалыматка реакция кылып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, улуттук валюта – сом өлкөнүн бүтүндөй аймагында төлөмдөрдүн бардык түрү боюнча кабыл алынууга милдеттүү болгон, бирден бир мыйзамдуу төлөм каражаты болуп саналарын эскертти:

«Төлөм валютасы тараптардын макулдашуусу менен аныктала турган, экспорттолуучу жана импорттолуучу товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо келишимин эске албаганда, товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө баа сом түрүндө көрсөтүлүүгө тийиш. Кыргызстандын мыйзамдарында өлкө аймагында эсептешүүлөрдү жана төлөмдөрдү Улуттук банк тарабынан белгиленген тартипте чет өлкө валютасы менен жүргүзүү мүмкүнчүлүгү да каралган» деп жазылат маалыматта.

Буга чейин Орусиянын Экономикалык өнүгүү министрлигинин башчысы Максим Решетников ЕАЭБ өлкөлөрү улуттук валютада эсептешүүгө этап-этабы менен өтүү жөнүндө макулдашууга келишкенин билдирген:

«Талкууланган экинчи өтө маанилүү маселе — улуттук валютада өз ара эсептешүү болду. Башкача айтканда, ар бир өлкөнүн алган милдеттенмелери, андан кийин союздук келишимде белгиленген белгилүү пропорцияга бөлүнөт жана ошого жараша тиешелүү өлкөлөрдүн бюджетине түшөт. Буга чейин мунун баары чет элдик валютаны колдонуу менен ишке ашса, бүгүнкү күндө биз улуттук валюталар менен эсептешүүгө этап-этабы менен өтүүнү макулдаштык. Анан, албетте, Орусия үчүн биз алган жана бөлгөн пошлиналардын негизги бөлүгү рубль менен эсептелиши абдан маанилүү», — деп айтылат Орусиянын Өкмөтүнүн сайтында.

Бирок, Казакстандын Өкмөтү чогултулган импорттук бажы алымдары мурдагыдай эле АКШ долларында бөлүштүрүлөрүн билдирген:

«Россия Федерациясына жана Беларусь Республикасына ташып келүү бажы алымдарын чегерүү жана бөлүштүрүү үчүн улуттук жөнөтүүчү банктардын курсу боюнча орус рубли колдонулат. Казакстан Республикасында, ошондой эле Армения Республикасында жана Кыргыз Республикасында чогултулган бажы алымдары мурдагыдай эле АКШ долларында бөлүштүрүлөт жана чегерилет» деп айтылат Казакстан Өкмөтүнүн сайтында.

Жыйынтык: Кыргызстанда орус рублинин жүгүртүүгө чыгарылганы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты