Кыргызстанда орточо айлык акы 25 миң 711 сомду түздү

  • 2 года мурун

Кыргызстанда 2022-жылдын декабрына карата орточо айлык акы 25 миң 711 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, 2021-жылдын январь-ноябрь айына салыштырмалуу өсүү 1,3 пайызды түздү.

Кудайбергенов өткөн жылы маданият, саламаттык сактоо, социалдык камсыздоо, билим берүү, мамлекеттик башкаруу, коргонуу, тоо-кен, курулуш жана транспорт тармагынын кызматкерлеринин айлык акысы жогорулаганын белгиледи.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты