Кыргызстанда оппозициялык кыймыл түзүлдү

  • 2 года мурун

Бүгүн, 31-мартта, Бишкек шаарында Горький атындагы сейилбакта «Бириккен демократиялык кыймыл»  оппозициялык кыймылы түзүлгөндүгү жарыя болду.

Оппозициялык кыймылдын башкы максаты – Кыргыз мамлекетин, кыргыз элин демократиялык жолго салуу.  

Оппозициялык кыймылга бир катар белгилүү саясатчылар — Мамбетжунус Абылов,  Равшан Жээнбеков, Бектур Асанов, Кеңешбек Дүйшөбаев, Сапар Аргымбаев, Клара Сооронкулова, бир катар саясий партиялардын өкүлдөрү, жарандык активисттер кирди.

Кыймылдын мүчөлөрү өлкөдө адам укуктарынын сакталышын, басмырлоодон алыс болушун, сөз эркиндигинин сакталышын, өлкөнүн саясий жана экономикалык өнүгүүсүн көздөйт.

Оппозициялык кыймыл 5-апрелде жыйын уюштурууну көздөөдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты