Кыргызстанда метапневмовирустун эки учуру катталды

  • 2 года мурун

Кыргызстанда метапневмовирустун эки учуру катталды. Бул тууралуу 24.kg агенттиги Саламаттык сактоо министрлигине шилтеме берип, жазды.

Мекеме берген маалыматка ылайык, азыркы учурда республикада курч респиратордук вирустук инфекциялар басымдуулук кылууда. 2024-жылдын октябрынан декабрына чейин бейтаптардан 1 миң 144 анализ алынып, анын ичинен: риновирус — 210, респиратордук сентициалдык вирус — 259, аденовирус — 105, бокавирус — 79, парагрипп (I, II, III, IV  түрлөрү) — 98 жана метапневмовирус — 2 учур аныкталган.

Саламаттык сактоо министрлиги адамдын метапневмовирусу (MPVI) 2001-жылы табылганын жана ал жаңы вирус эмес экендигин баса белгилеген.

«Бул инфекцияны бардык курактагы адамдар жуктуруп алышат, бирок беш жашка чейинки балдарда жана андан улуу адамдарда симптомдору катуураак болот. Инфекция негизинен аба аркылуу, ошондой эле ар кандай тиричилик контактылары аркылуу таралышы мүмкүн. Инкубациялык мезгил адатта үч күндөн беш күнгө чейин. MPVI симптомдору сасык тумоого же гриппке окшош болушу мүмкүн. Мурундун агышы, жөтөл, баш оору жана ысытма байкалат. Бирок, мындан сырткары метапневмовирус менен ооруган бейтаптардын дем алуусу кысылып, бронхит жана пневмонияга дуушар болушу мүмкүн. Бул инфекция иммундук системасы начар адамдар, балдар жана улгайган бейтаптар үчүн коркунучтуу”, — деп түшүндүргөн Саламаттык сактоо министрлиги.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты