Кыргызстанда медициналык окуу жайлардагы студенттердин 77% чет элдиктер түзөт

  • 2 года мурун

Билим берүү жана илим министрлиги медициналык жогорку окуу жайлардагы студенттердин саны тууралуу маалымат берди. Ага ылайык, ушул тапта Кыргызстанда 23 жогорку окуу жай медициналык багыттарда адистерди даярдап жатат. Анын алтоо мамлекеттик. Он жети менчик жогорку окуу жайдын үчөөнүн лицензиясы бар, бирок студенттери жок.

Мамлекеттик медициналык ЖОЖдордо 23 миң 12, менчик окуу жайларда 16 миң 839 студент окуйт. Студенттердин 77 пайызы же 31 миң 786сы чет элдиктер.

Анын ичинен:

  • Индиянын жарандары – 14 456,
  • Казакстандын жарандары – 571,
  • Пакистандын жарандары – 9725,
  • Орусиянын жарандары – 668,
  • Тажикстандын жарандары – 357,
  • Өзбекстандын жарандары – 5174
  • башка жакынкы чет өлкөлөрдүн жарандары – 363,
  • башка алыскы чет өлкөлөрдүн жарандары – 472.

Мамлекеттик медициналык ЖОЖдордо 15 миң 308, менчик ЖОЖдордо 16 миң 478 чет элдик студент билим алууда.

2021-2022-окуу жылында медициналык адистиктер боюнча жалпысынан 39 миң 851 студент билим алса, анын ичинен 2708 гранттык, 37 миң 143 келишимдик негизде окуйт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты