Кыргызстанда мамлекеттик кызматтарды накталай эмес төлөмгө өткөрүү сунушталууда

  • 2 года мурун

Министрлер кабинети менен Улуттук банк мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү накталай эмес формада төлөө сунушталган токтом долбоорун иштеп чыкты. Токтомдун долбоору Улуттук банктын сайтына жарыяланды.

Андагы маалыматка ылайык, долбоор накталай эмес эсептешүүлөргө жана төлөмдөргө толук масштабдуу өтүү, санариптик төлөмдөрдү киргизүү жана көмүскө экономиканын үлүшүн кыскартуу максатын көздөйт.

Аталган токтом кабыл алынса, акы алуу негизинде кызмат көрсөтүп жаткан мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер банктык карталарды, анын ичинде QR-код технологияларын колдонуу менен электрондук акчаларды кабыл алуу боюнча жабдууларды орнотушу керек болот. Коммерциялык банктарга жана төлөм уюмдарына мамлекеттик мекемелерди аталган жабдуулар менен камсыздоо сунушу берилет.

Токтом долбоорунун маалымкатында жабдууларды орнотууну уюмдар өздөрү, мамлекеттик бюджеттен жана коммерциялык банктардын инвестициялары каржылай турганы айтылат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты