Кыргызстанда мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн жарандар кармалды
- 6 месяцев мурун
25-январда Бишкекте жана Ошто мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн жарандар кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери тарабынан Ош шаарында РФ кылмыш-жаза кодексинин 162-беренеси (каракчылык) боюнча издөөдө жүргөн М.К. аттуу жаран кармалган. Издөөдө жүргөн адам жүзүн таануу системасы камтылган видеобайкоо камераларынын жардамы менен кармалган.
Ал эми Бишкек шаарында Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (алдамчылык) боюнча издөөдө жүргөн Т.С. аттуу жаран кармалды. Аталган жаран дагы коомдук жайларда орнотулган жүзүн таануу системасы камтылган видеобайкоо камераларынын жардамы менен кармалган.
![Кыргызстанда мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн жарандар кармалды](https://pk.kg/wp-content/uploads/2024/01/1_3.730x0.jpeg)
![Кыргызстанда мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн жарандар кармалды](https://pk.kg/wp-content/uploads/2024/01/3_3.730x0-1.jpeg)
Видеобайкоо камералары жогорудагы жарандарды мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн адамдар катары тааныган.