Кыргызстанда «Кыргыз ак топозу» жаңы порода катары расмий катталды
- 3 месяца мурун
- Жаңылыктар
20-июлда Ысык-Көл облусунун Сырт жайлоосунда ак түстөгү кыргыз топозу «Кыргыз ак топозу» аталышында жаңы порода катары расмий мамлекеттик каттоодон өттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Жаңы породаны каттоо тууралуу буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков кол койду. Ал бул чечим асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү жана улуттук генетикалык ресурстарды сактоо үчүн маанилүү кадам экенин белгиледи.
Маалыматка ылайык, «Кыргыз ак топозу» породасын түзүүдө селекционер, Социалисттик Эмгектин Баатыры Таштанбек Акматовдун эмгеги өзгөчө орунду ээлейт. Анын көп жылдык селекциялык иши жаңы породанын калыптанышына негиз болгон.
Бул порода окумуштуулар, селекционерлер, адистер жана мал багуучулардын биргелешкен эмгегинин жыйынтыгында 2014–2026-жылдар аралыгында чыгарылган. Жаңы топоз бийик тоолуу шарттарга жакшы ыңгайлашып, өндүрүмдүүлүгү жогору экени белгиленет.
Илимий маалыматтарга ылайык, «Кыргыз ак топозу» тирүүлөй салмагы, төл алуу көрсөткүчтөрү жана жаш малдын сакталышы боюнча жогорку натыйжаларды көрсөтөт. Мындан тышкары, анын ак жүнү жана тыбыты сапаттуу болуп, текстиль тармагы үчүн баалуу чийки зат болуп саналат.
Адистер жаңы породанын мамлекеттик каттоодон өтүшү асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө, тоолуу аймактардын экономикасын колдоого жана агроөнөр жай комплексинин экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө шарт түзөрүн белгилешүүдө.
Сүрөт: Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен




