Кыргызстанда коронавирустан 21 адам дарыланууда
- 3 года мурун
Кыргызстанда коронавирустан 21 адам дарыланууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Ал эми амбулатордук дарыланууда 18 бейтап бар. Стационарда дарыланып жаткан 3 бейтап оор абалда. Өткөн суткада коронавирус бир дагы адамдан аныкталган жок. Илдеттен сакайгандар дагы болгон жок. Өлкө боюнча жалпы 200 миң 990 адамдан коронавирус аныкталган.
Муну бөлүшүү