Кыргызстанда коронавирус боюнча күнүмдүк статистика жарыяланбай турган болду

  • 2 года мурун

Кыргызстанда коронавирус боюнча күнүмдүк статистика азырынча жарыяланбайт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Министрлик статистиканын жарыяланбай калышын өлкө аймагында оорунун басаңдашы менен түшүндүрдү.

“Эгер оорунун жаңы учуру каттала турган болсо статистикалык маалыматтар кайра бериле баштайт”, — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 993 адам коронавирус жуктурган. Анын ичинен 196 миң 406 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты