Кыргызстанда «Өкмөттүк акселераторлор» программасы ишке кирди

  • 1 год мурун

Кыргызстанда Бириккен Араб Эмираттарынын өкмөтү тарабынан иштелип чыккан «Өкмөттүк акселераторлор» программасы ишке кирди.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, программага старт берүүгө өкмөт башчысы Акылбек Жапаров жана БАЭнин министрлер кабинетинин атаандаштык жана тажрыйба алмашуу боюнча министринин орун басары, Атаандаштык боюнча кеңештин төрагасы Абдулла Нассер Лута катышты.

Аталган программанын биринчи этабында өкмөт 100 күндүн ичинде төмөндөгү багыттар боюнча долбоорлорду ишке ашырат:
1. Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды азайтуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу;
2. Электромобилдер үчүн электр станцияларын орнотууга уруксат алууну жөнөкөйлөтүү;
3. Экспертизадан, кайра кароодон өтүүнүн, майыптуулук фактысын белгилөөнүн тартибин жөнөкөйлөтүү.

«Өкмөттүк акселераторлор» программасы — Бириккен Араб Эмираттарынын өкмөтү тарабынан иштелип чыккан реформанын атайын механизми. Ага ылайык мамлекеттик органдар 100 күндүн ичинде көйгөйлөрдү чечип, коюлган максаттарына жетиши керек.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты