Кыргызстанда каржы пирамидасын курууга шектелип, издөөдө жүргөн жаран Грузиядан кармалды

  • 2 года мурун

Кыргызстанда “Финико” каржы пирамидасынын филиалын уюштурган деген шек менен издөөдө жүргөн жаран Интерпол линиясы аркылуу Грузиядан кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Милициядан билдиришкендей, шектүү 1973-жылы туулган Э.М. Бишкек шаарында эле «Финико» каржы пирамидасынын 15тен ашык филиалын ачкан.

2019-2021-жылдар аралыгында Кыргызстандын жүздөн ашык жараны бул каржы пирамидасына 1 млн 283 миң АКШ долларын салган.

«Андан сырткары, шектүү эки жарандан алдамчылык жана чоң кирешени убада кылуу жолу менен 145 миң доллар жана 9 миң 300 доллардан ашык акчасын ээлеп алган деп шектелүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Учурда шектүүнү Кыргызстанга алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты