Кыргызстанда карантинге жабылган мектептердин саны 240ка жетти
- 2 года мурун
Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу өлкө боюнча карантинге жабылган мектептердин саны 240ка жетти. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Чүй облусунда – 32, Талас облусунда – 111, Ысык-Көл облусунда – 3, Жалал-Абад облусунда – 6, Ош облусунда – 12 жана Бишкек шаарында – 32 мектеп аралыктан окутууга өттү.
Саламаттык сактоо министрлигинин буйругунун негизинде Жергиликтүү санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борбору карантинге жабуу тууралуу бүтүм чыгарган мектеп жана бала бакчалар гана карантинге жабылат.
Кыргызстанда жалпы 2 миң 357 билим берүү мекемеси бар.
Муну бөлүшүү