Кыргызстанда күйүүчү май 3 сомго чейин кымбатташы мүмкүн

  • 5 месяцев мурун

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу май 2,5-3 сомго кымбатташы мүмкүн. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын башчысы Канат Эшатов билдирди. Анын айтымында, Орусияда күйүүчү майдын дүң баасында өзгөрүүлөр болду. Анда заводдордо баалар 19%га чейин кымбаттады.

Кыргызстандагы компаниялар ошол баа менен майды ташып келип сатса, литрине 2,5-3 сомго чейин жогорулашы ыктымал.

“Күйүүчү майдын баасы бир күндө эле өзгөрбөйт. Компаниялар майдын көлөмүн бир күндө ташып келе албайт да. Ар бир компаниянын өзүнүн кору бар. Мисалы, бир айлык же эки айлык. Белгилүү бир көлөмдү алып келгенде, компания бул жактагы кору менен орточо бааны чыгарат. Ошондо бир жумада 30 тыйын, кийинки жумада 40 тыйынга кымбаттап отуруп, мындай абал үзгүлтүксүз кете берсе, кайсы бир убакыттын ичинде, баа 2,5-3 сомго чейин кымбаттайт”, — деди ал.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты