Кыргызстанда IT тармагында акысыз окуткан «Мектеп 21» ачылат

  • 4 месяца мурун

Кыргызстанда IT адистерин даярдоого багытталган «Мектеп 21» санариптик технологиялар мектеби ачылат. Долбоор президент Садыр Жапаров менен “Сбербанк” компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Герман Грефтин ортосундагы макулдашуунун негизинде ишке ашырылууда.

Агартуу министрлигинин маалыматына ылайык, мектепте 18 жаштан жогорку жарандар акысыз окуй алышат. Окутуу мугалимдерсиз жүргүзүлүп, катышуучулар бири-биринен үйрөнүү ыкмасы аркылуу билим алышат.

Алгачкы этапта 200 адам тандалып алынып, базалык тапшырмаларды ийгиликтүү аткаргандар негизги окуу программасына өтөт. Окуу мөөнөтү 1 жылдан 1,5 жылга чейин созулат.

«Мектеп 21» Бишкек шаарындагы №99 кесиптик лицейдин аймагында жайгашат. Учурда имараттарды оңдоо иштери жүрүп жатат. Долбоордун расмий ачылышы 2026-жылдын июль айына пландалууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты