Кыргызстанда иштегендердин бештен бири гана жогорку билимдүү. Бул жакшыбы же жаманбы? Сандар менен түшүндүрөбүз

Кыргызстанда иштегендердин бештен бири гана жогорку билимдүү. Бул жакшыбы же жаманбы? Сандар менен түшүндүрөбүз

Кыргызстанда 2.5 миллион адам иш менен камсыз болгон, алардын ичинен дээрлик 70%ы орто билимдүүлөр.

Сокулук районунун тургуну Майрамбек Биримкулов Нарын облусунда орто мектепти аяктаган. Мектепти аяктары менен Чүйгө көчүп келип, 20 жылга жакын убакыттан бери курулуш менен алектенип келет. Ал айына орточо эсеп менен 30 миң сомдой табат, кирешеси үй-бүлөсүнүн негизги муктаждыктарына: тамак-аш, кийим-кече жана жол акысына жетет.

Курулушта иштегендердин бештен төртүнүн Майрамбек сыяктуу жогорку билими жок.

Билим берүү тармагы боюнча эксперт Маматкалил Разаевдин айтымында, өлкөдөгү жогорку билимдүү адистердин саны суроо-талапка жараша болот.

“Кыргызcтанда жумуш орундарынын көбү кызмат көрсөтүү, айыл чарба тармактарында, бул тармактарга жогорку билимдин деле кереги жок. Ал эми билимдүү, шыктуу адистерибиз айла жок сыртка чыгып иштегенге мажбур”, - деди Разаев.

“Каршылаштарга аңчылыкпы” же кадрлардын сапаты үчүн күрөшпү?

2022-жылдын башында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин жогорку билимин тастыктоочу дипломун текшерүүнү баштаган

Мекеме билим берүү тармагындагы кырдаал мамлекеттик органдардагы кадрлардын сапатына түздөн-түз таасир этерин билдирген. 2021-жылга карата мамлекеттик органдардагы кызматкерлердин 60%ында жогорку билими жөнүндө диплому бар. Бул жылдагы текшерүүнүн жыйынтыгында кандай өзгөрүүлөр болорун көрө жатарбыз.

Диплом текшерүү мамлекеттик кызматкерлерге гана тийиштүү болгон жок: ушул жылдын мартында Кочкордогу Ак-Чий орто мектебинин мугалими райондук прокуратура анын жогорку билими жөнүндө диплому жасалма экени аныктагандан кийин муунуп алганы белгилүү болду

Адинай Курманбекова Кара-Балта шаарында орто мектепте биология мугалими болуп иштейт. 

Адинай өзүнүн кесиптик ишмердүүлүгүн мындан үч жыл мурун Кыргыз улуттук университетин аяктаган соң баштаган. Учурда айына 18-20 миң сом айлык алат. Бул акча күнүмдүк жашоосуна араң жетерин айтат.  

Айлыгыбыз тамак-ашка, коммуналдык төлөмдөргө, жол киреге эле жетет. Университетте жогорку билим алган күндө дагы колдогу диплом менен өзүңдү реализация кылуу абдан оор; бул өтө жай процесс. Көпчүлүк ийгиликтүү адамдардын жогорку билими жок жана бул нерсе мени дайыма чаташтырат”, - дейт жаш мугалим. 

Эгер айлык акыда айырма жок болсо, жогорку билимдин эмне кереги бар?

Бир караганда, эгер дипломсуз деле акча табууга мүмкүн болсо, анда убактымды жана каражатымды жогорку окуу жайда окууга коротуп эмне кылам деген ой пайда болот.

Бирок узак мөөнөттүү перспективадан алганда жогорку билими жок адамдардын келечекте жумушсуз калуу коркунучу бар экенин айтат эксперт Маматкалил Разаев:

Дүйнө өзгөрүүдө. Жаңы заманда кара жумуштун көбүн машиналар, компьютерлер аткарып калса, билими жок адам кайда барып, эмне кыларын азыртан ойлонушу керек”.

Жогорку билим жакырчылык менен күрөшүүдөгү маанилүү факторлордун бири болуп саналат. АКШнын Калкты каттоо бюросунун маалыматына ылайык, жогорку билими жок адамдардын дээрлик үчтөн биринин жакырчылыкта жашап калуу тобокелчилиги бар. Ал эми бакалавр жана андан жогорку даражасы бар адамдарда бул көрсөткүч 5%ды гана түзөт.

Кыргызстанда жакырчылыкка байланыштуу кырдаал мындан алда канча начар. Бирок бул жерде дагы жогорудагы тенденция сакталган - жогорку билимдүүлөрдүн жакырчылыкта калуу тобокелчилиги баарынан аз. 


Авторлор: Чолпонбек Сабырбеков, Чынаргүл Жумабекова

Менторлор: Айзада Тома, Андрей Дорожный

Иллюстрация: Роберт Сэмюэл Хэнсон

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты