Кыргызстанда Иран кино жумалыгы башталды

  • 4 месяца мурун

12-июнда Бишкек шаарында, экинчи Бишкек эл аралык кинофестивалынын алкагындагы Иран кино жумалыгынын ачылуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чарага Кинематография департаментинин директору Акжолтой Бекболотов, Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси Голам Хоссейн Ядегари, Ирандын Маданият жана Ислам багыты министрлигинин кинематография жана аудиовизуалдык искусство боюнча уюмунун директору Мохаммад Хазаи Фадафан баштаган делегация жана киносүйүүчүлөр катышты.

Өз сөзүндө Акжолтой Бекболотов, кино жумалыгынын ачылышы менен куттуктап, мындан ары кыргыз-иран кинематография кызматташтыгы өсүп-өнүгүп, узак жылдарга созулат деген ишеничин билдирди.

Кино жумалыктын алкагында, кыргыз -иран кинематография жаатында кызматташууга кол коюлду.

Эске салсак, Кыргызстандагы Иран киносунун күндөрү 12-14-июнь күндөрү Бишкек шаарында т.а. “Азия-Молл” соода борборундагы “Broadway” кинозалдарында акысыз көрсөтүлөт.

Көрсөтүлчү тасмалар:
“Алдын ала келишим жок” (2022), режиссер Бехруз Шоайби;

​​​“Капитан” (2023), режиссер Мохаммад Хамзеи;

​​​“Факультеттеги экинчи курсум” (2019), режиссер Расул Садыр Амели;

​​​“Дельфин бала “ анимациялык тасмасы (2022), режиссеру Мохаммад Хейрандиш, Андрей Гоголев;

​​​“Кыздар тобу” (2022), режиссер Монир Гейди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты