Кыргызстанда генерал-майор наамын алган алгачкы аял. Элнура Мамбетжунушева «Бажы кызматынын генерал-майору» болду

  • 2 месяца мурун

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Элнура Мамбетжунушевага «Бажы кызматынын генерал-майору» наамы ыйгарылды. Ошону менен ал бажы кызматында гана эмес, жалпы эле өлкөнүн укук коргоо органдарында «генерал-майор» жогорку атайын наамына ээ болгон биринчи аял болуп калды.

Сыйлык тапшыруу 7-июнда Финансы министрлигинин 100 жылдыгына арналган мааракеде өттү.

Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, Элнура Мамбетжунушевадан тышкары, бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Улан Кимсанов «Бажы кызматынын генерал-майору» наамы, бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты