Кыргызстанда гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүк башталды

  • 2 года мурун

Бүгүн, 25-ноябрда республика боюнча «Коркпо! Токтот! Жаша!» девизи астында гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүк старт алды.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өкмөткө караштуу Гендердик өнүгүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында билдирди. 

«25-ноябрда дүйнө жүзү боюнча гендердик зомбулукка каршы 16 активдүү аракеттердин 16 күндүк өнөктүгү башталат. Бул глобалдык демилге, ошондой эле гендердик зомбулукка каршы күрөш маселеси камтылган күн тартиби да мамлекет тарабынан колдоого алынат. Биздин өлкөдө БУУ агенттиктеринин, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн, жарандык коомдун колдоосу менен кампания «Коркпо! Токтот! Жаша!» урааны астында өтөт», – деди ал. 

Акциянын негизги максаты – коомдун үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулукка каршы аракеттерин жогорулатуу, аялдарга жана балдарга карата зомбулуктун алдын алуу жана жоюу боюнча иш-чаралар аркылуу коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу, бул көйгөйгө коомчулуктун көңүлүн буруу. 

Белгилей кетсек, ушул жылдын 16-сентябрында 2030-жылга чейин гендердик теңчиликке жетишүү боюнча Улуттук стратегия жана 2022-2024-жылдарга гендердик теңчиликке жетишүү боюнча Улуттук иш-аракеттер планы бекитилген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты