Кыргызстанда фостердик үй-бүлөлөр 243 баланы кабыл алышты
- 1 год мурун
Кыргызстанда фостердик үй-бүлө институту кеңейип жатат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, 2025-жылдын 1-майына карата 113 фостердик үй-бүлөдө 243 бала убактылуу камкордукка алынган.
Фостердик үй-бүлө — бул ата-энесиз калган балдарды убактылуу негизде үй-бүлөгө жайгаштыруу формасы. 30–65 жаштагы атайын даярдыктан өткөн жарандар фостер-ата-эне боло алышат. Балдар бир нече сааттан алты айга, айрым учурда андан да узак убакытка чейин жайгаштырылат.
Мамлекет тарабынан ар бир бала үчүн ай сайын 12 200 сомдон 15 567 сомго чейин каржылык жардам берилет. Асырап алуучулардын биринин айлыгы балдардын санына жана абалына жараша 13500 сомдон 17500 сомго чейин.
2012-жылы башталган бул программа аркылуу 2014-жылы болгону 5 үй-бүлө болсо, бүгүн алардын саны 113кө жетти. Министрлик мындай үй-бүлөлөрдүн көбөйүшү интернаттардагы балдардын санын кыскартууга шарт түзүп жатканын белгиледи.




