Кыргызстанда эт азыктарынын сапатын QR-код аркылуу текшерилет
- 2 года мурун
Кыргызстанда эт азыктарынын сапатын QR-код аркылуу текшерилет. Бул тууралуу Айыл чарба министирлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, ар бир жаран эттин сапатын, малдын жашын, ал кайдан келди, качан союлду, тиешелүү ветеринардык-санитардык талаптарга жооп береби же жокпу QR-код аркылуу биле алышат.
Ушундай эле, бул ыкма эт продукциясынын союлган жеринен баштап, канча жолу ветеринардык экспертизадан өткөндүгү жана уруксаты барбы деген сыяктуу маалыматтарды камтыйт.
Муну бөлүшүү