Кыргызстанда экономикалык эркиндик, сот системасы жана бизнес климаты кескин начарлаганы чындык (Фактчекинг)

17-февраль күнү мурдагы депутат Равшан Жээнбеков “Кыргызстанда экономикалык эркиндик кескин начарлады” деген маалыматты бөлүшкөн. Ал, Heritage Foundation уюмунун изилдөөсүнө таянып төмөнкүлөрдү билдирген.

“Heritage Foundation уюму 2021-2022-жылдар үчүн дүйнөдөгү экономикалык эркиндик индекси жарыялады. Кыргызстан 8 упайга позициясын жоготту. Бул дүйнө жүзү боюнча эң начар көрсөткүчтөрдүн бири. Былтыр 63,7 балл болсо, быйыл 55,8 болду. Айрыкча сот системасы, менчик укугу, бизнес климаты жана финансылык туруктуулук начарлады. Сот системасы 11,5 пунктка начарлаган. Тышкы соода жана бюджеттик чыгымдар сыяктуу көрсөткүчтөр болсо жогорулады”, — деп билдирген.

Кыргызстанда экономикалык эркиндик, сот системасы жана бизнес климаты кескин начарлаганы чындык (Фактчекинг)

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү. 

“Heritage Foundation” уюмунун изилдөөсү 

Февраль айынын башында “Heritage Foundation” уюму “дүйнө өлкөлөрүнүн экономикалык эркиндиги” боюнча изилдөөнүн жыйынтыгын жарыялашкан. Анда жалпы 184 өлкөнүн экономикалык абалы жана бизнес климаты каралган. 

Аталган изилдөөдө Кыргызстанда 184 өлкөнүн ичинен 116-орунда жер алып “Экономикасы эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кирди. 

Кыргызстанда экономикалык эркиндик, сот системасы жана бизнес климаты кескин начарлаганы чындык (Фактчекинг)

Бул бөлүккө негизинен Африканын бир катар диктатуралык мамлекеттери жана коңшу Өзбекстан да кирет.

Изилдөөчүлөр Кыргызстанда 2020-жылы коронавирус убагында экономикалык кескин төмөндөө болгонун билдиришкен.

“Кыргызстан Орто Азия аймагындагы 39 өлкөнүн арасында “экономикалык эркиндик” боюнча 24-орунда турат жана анын жалпы баллы аймактык жана дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн төмөн.

Кыргызстанда 2020-жылы экономикалык өсүш терс болуп, 2021-жылы калыбына келди. Экономикалык эркиндикти кеңейтүүнүн беш жылдык тенденциясы бузулду. Бизнес эркиндиги, эмгек эркиндиги жана мыйзам үстөмдүгү боюнча упайлардын төмөндөшүнүн шартында Кыргызстан 2017-жылдан бери экономикалык эркиндикти жалпысынан 5,3 баллга жоготуп, “орточо эркин” категориядан “негизинен эркин эмес” категориясына өттү. Экономиканын салык жүгү салыштырмалуу жеңил, бирок соттун натыйжалуулугу алсыз.”,-деп айтылган. 

Негизинен изилдөөдө өлкөнүн экономикалык жактан бай болгону эмес, бизнес түзүүгө болгон шарттар каралат. Мисалы, өлкөдө инвесторлорго тоскоол болгон “криминалдык күчтөр”, “диктатуралык мамлекет”, “сот системасынын эффективдүүлүгү” сыяктуу пункттар каралат. Ошого жараша мамлекет инвесторлор жана бизнесмендер үчүн “ыңгайлуу” же “ыңгайлуу эмес” деген бүтүм чыгарууга да болот. 

“Heritage Foundation” уюмунун билдирүүсүнө ылайык, инвесторлор башка мамлекетке бизнес ачуу үчүн уюмдун изилдөөлөрүнөн байма-бай пайдаланып турушат. 

Сот системасындагы 20 жылдык артка жылуу 

“Heritage Foundation” уюмунун изилдөөсүндө сот системасынын абалы дагы каралган. Анда, Кыргызстандагы сот системасынын эффективдүүлүгү 11.8%га төмөндөгөп, акыркы жылдардагы эң начар көрсөткүч байкалган. 

Кыргызстанда экономикалык эркиндик, сот системасы жана бизнес климаты кескин начарлаганы чындык (Фактчекинг)

Уюмдун билдирүүсүнө ылайык, Кыргызстандагы сот системасы бийликтин кийлигишүүсүнөн улам начарлап бара жатат.

Мүлк укугу жана жерди каттоо боюнча мыйзамдар Орто Азиядагы орточо көрсөткүчтөн жакшыраак, бирок анын аткарылышы коррупциядан улам начарлап кеткен. Сот системасы ачык-айкын иштебей, анын натыйжалуулугуна коррупция жана саясий кийлигишүү доо кетирүүдө. Коррупция коомдун бардык деңгээлдеринде жана экономиканын бардык тармактарында олуттуу көйгөй болуп саналат. Коррупцияга каршы күрөш мамлекеттик кызматкерлерге эмес, жеке ишкерлерге багытталган.”,-деп мүнөздөлгөн. 

Мындан сырткары, изилдөөдө “мамлекеттин чыгымдары” өскөнү белгиленген. 

“Heritage Foundation” уюму

Heritage Foundation эл аралык саясатты изилдөөнүн кеңири спектри менен алектенген АКШнын стратегиялык, консервативдик изилдөө институту. Аталган уюм 1973-жылы Эдвин Фельнер аттуу адам тарабынан негизделип, азыркы убакка чейин дүйнө жүзүндөгү өлкөлөр боюнча изилдөөлөрүн жүргүзүп келет. 

Негизинен “Heritage Foundation” уюму дүйнө жүзүндөгү престиждүү изилдөө институту болуп эсептелет. Уюмдун изилдөөсүн көп мамлекеттер жана ЖМКлар жарыялайт. 

Буга чейин 2018-жылы жарыялаган изилдөөдө Россиянын “экономикалык эркиндик” боюнча 153-орунга түшүп калышы бир топ кайчы пикирди жаратып, “саясий көз караш” катары бааланган. Анткени, 150-орундарда тоталдык диктатура орногон мамлекеттер кирет. Уюм өз кезегинде, бул Россияда жыл сайын экономика секторуна күчөп жаткан басым жана коррупция менен байланыштырышкан. 

Жыйынтык: “Heritage Foundation” уюму Кыргызстанды “экономикалык эркин эмес” жана сот системасы артка кетип жаткан мамлекеттердин тизмесине киргизгени чындык. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты