Кыргызстанда доллардын курсу кайрадан көтөрүлдү

  • 2 года мурун

Кыргызстанда 28-февралга карата доллардын курсу кайрадан көтөрүлүп, 96 сомду түздү.

Валюталарды анализ кылган valuta.kg порталында саат 10:35ке карата бир нече банк АКШ долларын 95-96 сомдон сатып жатканын көрсөтүүдө.

Улуттук банктын расмий курсу 89.101 сом болууда.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда доллардын куну Орусия Украинага аскердик чабуул жасагандан кийин кескин өсүп кетти. 25-февралда Улуттук банк 13 млн 50 миң доллар сатып, интервенция жасаган. Ошондон кийин доллардын курсу бир азга турукташкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты