Кыргызстанда диний ишенимдеринен улам эмдөөдөн баш тарткандар азаюуда. Жугуштуу оорулар жана эмдөө тууралуу дата-макала
- 8 месяцев мурун
- Дата
Өткөн жылы Кыргызстанда кызамык менен ооругандардын саны 7 миңден ашып, илдеттен каза тапкандар дагы болду. 2024-жылдын алгачкы үч жумасында эле бул илдетти жуктуруп алган 530 бала катталды.
Саламаттык сактоо министрлиги 2023-жылдын сентябрында кызамыкка жана кызылчага каршы 755 миңден ашык доза вакцина алып келингенин жана бул ооруларга каршы Бишкек, Ош шаарларында, Чүй жана Ош облустарында кошумча эмдөө кампаниясы башталганын кабарлаган. Бирок кампаниянын алкагында балдарын эмдетүүдөн баш тарткандардын саны көп болуп жатканын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин 17-январдагы жыйынында билдирди. Учурда жогоруда айтылган региондор боюнча кошумча вакцинациядан өткөндөр 79%ды түзүүдө, ал эми оорунун жайылышын токтотуу үчүн эмделгендер 95% кем эмес болушу зарыл.
Мындан улам “ПолитКлиника” медиасынын дата-журналисттери Кыргызстанда акыркы жылдары вакцина менен жөндөлө турган инфекциялардын жайылышы жана аларга каршы эмдөөдө кандай өзгөрүүлөр болгонун талдап көрдү.
“Бир заматта колго түштүм”
Бишкек шаарынын тургуну Аида Искендерованын 8 жаштагы кызы декабрда кызамык жуктуруп алып, Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасында бир жума дарыланып чыккан.
“Кызым 2-класста окуйт. Жума күнү мектепке барып келгенден кийин соода борборундагы балдар аянтчасында эки сааттай ойноп кеткенбиз. Ишемби күнү жакшынакай эле жүрдү. Анан жекшембиде дене табы көтөрүлө баштады. Мен сасык тумоо деп эле суук тийүүгө каршы дарыларды бердим. Бирок алар жардам бербегенинен тааныш дарыгерге алып барсак, ал “моюну кызарып кетиптир, ооруканага алып баргыла” деди. Жеке менчик ооруканага алып барсак, алар карап туруп эле “силердики кызамык экен, бул жактагы балдарга жуктурасыңар” деп жугушуу оорулар клиникалык ооруканасына жөнөтүштү. Ал жакта бизге окшогондор толтура экен, үч саат кезек күтүп турдук. Балам унаанын ичинде кыйналып, дене табы көтөрүлүп үч саат жатты”, — деп эскерет Искендерова.
Каарманыбыз кызы бир жашка толгондо кайра-кайра сасык тумоолоп туруп алгандыктан кызамыкка каршы эмдөөдөн өтпөй калганын айтат. Кийин алты жашында дагы аталган вакцинаны албай калышкан:
“Негизи биз бардык эмдөөлөрдөн өткөнбүз. Бирок дал ушул бир жашында кызамыкка каршы вакцина аларда улам эле сасык тумоо боло берип албай калганбыз. Бүт баарын алып туруп, кызамыкка каршы албай койсок, ооруп калып атпайбы”, — деди Аида Искендерова.
Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматына ылайык, 2023-жылы кызамык оорусун жуктурган 7046 учур катталган. Ооруну жуктуруп алгандардын көбү 10 жашка чейинки балдар — алардын үлүшү жалпы ооруну жуктуруп алгандардын 88%ын түзөт.
Аталган борбор кызамыкты жуктуруп алгандардын 6233ү же 88,5%ы эмдөөдөн өтпөгөнүн билдирди.
Эмдөө боюнча улуттук календарга ылайык, кызамыкка каршы вакцинаны бала бир жашка жана алты жашка толгондо алат. 2022-жылы бул жугуштуу ооруга каршы бир жаштагы балдардын 94%ы эмдөөдөн өткөн. Бул көрсөткүч 2019-жылга салыштырмалуу 3%га төмөн. Улуттук статистика комитетиндеги маалыматтар боюнча, 2020-жылы жалпы эле эмдөө менен жөнгө салынчу жугуштуу ооруларга каршы вакцина алган балдардын үлүшү азайган.
Республикалык иммунопрофилактика борборунун адиси Гүлзада Даданова 2020-жылдан бери өлкө боюнча вакцина алгандардын саны жаматтык иммунитетти түзүүчү 95%га жетпей жатканын айтып, мунун себебин COVID-19 пандемиясы менен байланыштырды:
“2020-жылы коронавирус пандемиясы башталды. Ошол мезгилде чектөө иш-чараларынан улам балдарды пландык эмдөөдөн өткөрүү толук токтогон. Кийин иш кайра жандардырылганы менен, калк арасында коркуу сезими болуп, эмдөө боюнча көрсөткүч төмөн болуп калды. Андан кийинки жылдары салыштырмалуу көрсөткүч өйдөлөп келатат. Бирок дагы деле 95%га жете элек”.
Ата-энелер кандай себептерден улам балдарын эмдетүүдөн баш тартышат?
Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматы боюнча, 2022-жылы 13 миңге жакын ата-эне балдарын эмдетүүдөн баш тарткан. Алардын жарымы вакцинадан баш тартуусунун себебин диний ишенимдери менен байланыштырган. Саламаттык сактоо министрлиги дагы, эмдөөгө жооптуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун адистери дагы калк арасында вакцинацияны жайылтуу боюнча муфтият менен кызматташып жатышканын айтып келишет.
2019-жылы февралда Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы эмдөө боюнча фатва чыгарган. Анда Саламаттыкты сактоо министрлигинин эмдөөгө жооптуу органдарынан, тиешелүү тараптардан текшерүүлөрдөн өткөн учурда, тажрыйбалуу дарыгерлер тарабынан эмдөө боюнча зыяны жок деген тастыктоо болсо, эмдөөдөн өтүүгө исламда каршылык жок экени жазылган.
Чынында эле 2019-жылдан бери эмдөөдөн баш тартканынын себебин диний ишенимдерине байланыштыргандардын саны азайган. Алсак, 2018-жылы диний көз караштарынан улам эмдөөдөн баш тарткандар мындай ата-энелердин жалпы санынын 83%ын түзсө, 2022-жылы алардын үлүшү 51%ды түзгөн.
Анткен менен акыркы төрт жылда эмдөөдөн баш тарткандардын арасында иммунизациянын коопсуздугуна же вакцинанын сапатына күмөн санагандардын саны кескин өскөн.
Гүлзада Даданова буга интернет аркылуу тарап жаткан миф жана жалган маалыматтар себеп болуп жатат деген пикирде. Анын айтымында, эмдөөдөн өткөн соң баланын дене табы көтөрүлүп, ийне сайган жери оорушу мүмкүн. Бул күтүлгөн реакцияларды кээ бир ата-энелер вакцинанын тийгизген терс таасири деп кабыл алышат.
“Баланын дене табы көтөрүлгөндө аны дары берип түшүрүү керек. Эгер түшүрбөсө, баланын денеси карышат. Ушундай болгон учурда кээ бир ата-энелер вакцинанын айынан ушинтип калды деп ойлошот. Анан телевидениеде, айрыкча интернетте “балабыз вакцина алгандан кийин ооруп калды, иммунитети жок болуп калды” деп айтып жатышат. Адамдар расмий булакка караганда башкалардын айткандарына көбүрөөк ишенишет экен”.
Даданова калктын эмдөөнүн коопсуздугуна карата күмөн саноолорун жокко чыгаруу үчүн ата-энелер менен сүйлөшүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышканын билдирди.
Эмдөөнүн натыйжалуулугу: Гепатит В менен ооруган балдардын саны 145 эсеге азайган
Кыргызстанда эмдөөнүн коопсуздугун жана натыйжалуулугун көрсөткөн мисалдар жок эмес. Алсак, Кыргызстанда вирустук Гепатит B’га каршы эмдөө 2000-жылы киргизилген. Улуттук календарга ылайык, бул илдетке каршы эмдөөдөн балдар бир жашка толгонго чейин төрт жолу өтөт. Эмдөө киргенден кийинки 20 жыл ичинде республика боюнча аталган илдет менен жабыркагандардын саны 14 эсеге, ал эми балдар арасында ооругандардын саны 145 эсеге азайган.
Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматына караганда, учурда Гепатит В менен жабыркагандардын 91%ын 20 жаштан 60 жашка чейинки курактагы адамдар түзөт. Мындан улам 2022-жылдын декабрында 2000-жылга чейин төрөлгөн жарандарды Гепатит В’га каршы эмдөө башталган. Эмдөө кампаниясы бүгүнкү күндө дагы жүрүүдө. Каалоочулардын бардыгы өздүгүн тастыктоочу документ менен үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна барып, экспресс-тестти тапшырган соң жыйынтыгы жакшы болсо, эмдөөдөн өтө алышат.
Ошондой эле, Кыргызстанда 2022-жылы 16 жылдан кийин биринчи жолу курч вирустук оору — селейме (столбняк) катталып, аны жуктуруп алган беш жашар бала чарчап калган. Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, ал селеймеге каршы эмдөөдөн жаңы төрөлгөндө гана өтүп, кийинки вакциналардан ата-энеси баш тартып койгон.
Вакциналардын сапаты жана саны эл аралык стандарттарга жооп берет
Республикалык иммунопрофилактикалык борбордун маалыматына ылайык, Кыргызстанда колдонулган вакциналар улуттук талаптарга жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) сунуштамаларына жооп берет. Мындан тышкары, бул вакциналардын сапаты Европа өлкөлөрүндө колдонулган сапатка дал келет.
Кыргызстан вакциналарды Бельгия, Британия, Түштүк Корея, Япония сыяктуу өлкөлөрдөн сатып алат. Ал эми сатып алуу процедурасы Кыргызстан менен ЮНИСЕФтин (БУУнун алдындагы балдарга жардам берүүчү уюм) ортосундагы меморандумдун алкагында жүрөт. ЮНИСЕФтин сатып алуулар бөлүмү эл аралык тендер өткөрөт. Ага продукциялары дары-дармек өндүрүү боюнча эл аралык стандарттарга (GMP) жооп берген жана ДССУнун алдын ала квалификация процедурасынан өткөн фармацевтикалык компаниялар гана катыша алат.
Мындан тышкары, иммунопрофилактика борбору вакцинанын компоненттери коопсуз жана эч кандай уулуу же тыюу салынган заттарды камтыбай турганын, бул вакциналар бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Ислам шарияты өлкөлөрүндө кеңири колдонуларын белгилейт.
Аталган борбор билдиргендей, өлкөгө алып келинген бардык вакциналар милдеттүү түрдө мамлекеттик сертификациядан, коопсуздук боюнча атайын текшерүүдөн жана нормативдик-техникалык документтердин экспертизасынан өтөт.
Өлкө ичинде вакциналар абанын керектүү температурасы сакталган атайын рефрижератордук унааларда ташылат. Ал эми бардык эмдөө бөлмөлөрүндө муздаткыч бар, алар күнүнө эки жолу текшерүүдөн өтөт.
Эмдөө жасоого атайын окуудан өткөн медицина кызматкерлерине гана уруксат берилет.
Вакцинациядан толук же жарым-жартылай баш тартуу балдардын түрдүү кесепеттерге, анын ичинде өлүмгө алып келген илдеттерди жуктуруп алуусун шартташы мүмкүн. Андыктан дарыгерлер эмдөөнү өз убагында алуу өтө маанилүү экенин белгилешет. Эгер сиз же сиздин балаңыз кайсы бир ооруга каршы эмдөөдөн өтө элек болсо, жакынкы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна кайрылууну сунуштайбыз.
Авторлор: Чолпонбек Сабырбеков, Чынаргүл Жумабекова, Эркайым Асанканова
Иллюстрация: Yale Medicine
«Бул материал Кыргыз Республикасында USAIDдин колдоосу менен ишке ашырылган Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн «Медиа-К» долбоорунун дата-журналистика программасынын стипендиаттары тарабынан түзүлдү. Программанын редакторлору — Савия Хасанова жана Александр Богачев. Материалдагы ой-пикирлер жана тыянактар сөзсүз эле Интерньюстун жана анын өнөктөштөрүнүн көз-карашын чагылдырбайт».