Кыргызстанда үч майрам күнүн жумуш күнү деп жарыялоо сунушталууда

  • 1 год мурун

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги айрым майрам күндөрүндө эс алууну жокко чыгарууну сунуштоодо. Министрлик сунуштаган мыйзам долбоорунда үч майрамды: 23-февраль Ата-Мекенди коргоочулар күнүн, 7-апрель Элдик Апрель революциясы күнүн жана 7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүн жумуш күнү деп жарыялоо сунушталган.

Мекеме бул сунушун аталган майрамдар жалпы улуттук эмес, мамлекеттик майрам болгону менен түшүндүргөн.

Мындан тышкары министрлик майрам дем алыш күндөргө туш келип калган учурда эс алууну жумуш күндөрүнө жылдыруу практикасын жокко чыгарууну дагы сунуштап жатат.

«Майрам күндөрүн кыскартуу Кыргызстандын экономикасына оң таасир этет. Кошумча майрамдар жана эс алуу күндөрү айлык-акыга кеткен чыгымды көбөйтүп, өндүрүштү кыскартат», — деп жазылат маалымкатта.

Ошону менен бирге мыйзам долбоорунда январдын жана майдын башында бир канча күн каникул жарыялоо сунушталган. Бул үй-бүлө институтун бекемдөөгө жана үй-бүлөлүк эс алуу үчүн шарт түзүүгө багытталганы айтылат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты