Кыргызстанда боор алмаштыруу боюнча экинчи операция ийгиликтүү аяктады

  • 2 месяца мурун

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев трансплантологдор тобу боорду алмаштыруу боюнча экинчи операцияны ийгиликтүү аякташканын билдирди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Бейтаптардын гемодинамикалык көрсөткүчтөрү туруктуу.
Операция 9 саатка созулуп, ага министр баштаган кыргыз-түрк адистери катышты.

Адистер ооруканада нөөмөттө туруп, бейтаптардын абалына көз салышып, аларга керектүү медициналык жардамды камсыз кылышууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты