Кыргызстанда биринчи жолу санарип тармагындагы адистер күнү белгиленди
- 2 месяца мурун
Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев санарип тармагындагы адистерди кесиптик майрамы менен куттуктады. Ал өз кайрылуусунда Кыргызстанда биринчи жолу Санарип технологиялар кызматкерлеринин күнү белгиленип жатканын белгилеп, бул тармак өлкөнүн өнүгүүсүндө стратегиялык мааниге ээ экенин айтты.
Касымалиев акыркы жылдары санариптик трансформация боюнча олуттуу иштер жасалып, мамлекеттик кызматтар электрондук форматка өтүп жатканын баса белгиледи. Ошондой эле мамлекеттик сектордогу адистерге жана жеке IT тармагынын өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирип, алардын салымы менен инновациялык экономика калыптанып жатканын кошумчалады.
Министрлер Кабинетинин төрагасы санариптик технологиялар өлкөнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатып, жарандардын жашоо сапатын жакшыртууда маанилүү роль ойной турганын белгилеп, адистерге ийгилик жана жаңы жетишкендиктерди каалады.




