Кыргызстанда биринчи акысыз бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалды

  • 6 месяцев мурун

1-февралда Кыргызстанда биринчи жолу акысыз бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун трансплантология бөлүмүндө 22 жаштагы бейтапка биринчи акысыз бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалды. Маалыматка ылайык, биринчи этапта донордун бөйрөгүн алуу операциясы жасалып, андан кийин бөйрөк реципиентке трансплантацияланган.

«Операция 3 хирург, 1 анестезиолог, эки анестезист медайым жана эки хирургиялык медайымдан турган эки медициналык бригада тарабынан жасалды. Донордук бөйрөктү алуу операциясы 2 саатка созулуп, бөйрөктү алмаштыруу операциясы да ошончолук убакытка созулду», — деп айтылат билдирүүдө.

Министрликтен билдиришкендей, бейтаптардын абалы туруктуу. Алар 2-3 күн реанимация бөлүмүндө болушат. Андан кийин ден соолугун калыбына келтирүү үчүн трансплантология бөлүмүнө которулат.

Операцияга Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев да катышты.

Белгилей кетсек, өлкөдө 2024-жылы 50 акысыз бөйрөк алмаштыруу операциясын жүргүзүү пландалууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты