Кыргызстанда эл аралык интернет-трафикти жеткирүүгө бир жыл монополия орнотулат
- 12 месяцев мурун
2025-жылдын 15-августунан тартып 2026-жылдын 14-августуна чейин Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык интернет-трафикти жеткирүүгө жана берүүгө убактылуу 100 пайыздык мамлекеттик монополияны орнотуу боюнча апробациялык режим киргизилет.
Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров 28-июлда кол койду.
Анын максаты “натыйжалуу башкарууну уюштурууга, санариптик трансформациялоону андан ары өркүндөтүү жана мамлекеттик катышуу үлүшү бар айрым чарбакер субъекттердин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, электр байланышын өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча өткөн эл аралык транзит боюнча маалыматтарды берүү, байланыш каналдары боюнча трафик жаатындагы ишти тартипке келтирүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган коомдук мамилелерди апробациялоо экени” айтылат.
2025-жылдын 15-августунан тартып 2026-жылдын 14-августуна чейин Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык интернет-трафикти жеткирүүгө жана берүүгө убактылуу 100 пайыздык мамлекеттик монополияны орнотуу боюнча апробациялык режим киргизилмекчи.
Апробациялык режим колдонулган мезгилге “ЭлКат” жоопкерчилиги чектелген коомуна эл аралык интернет-трафикти жеткирүүгө жана берүүгө эксклюзивдүү укук берилет.
“ЭлКат” Кыргыз Республикасынын аймагына эл аралык интернет-трафикти жеткирүү жана берүү, Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча интернет-трафиктин эл аралык транзитин өткөрүү боюнча жалгыз оператор болуп аныкталат.
Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча эл аралык интернет-трафикти жеткирүүнү жана/же транзитти жүзөгө ашыруучу электр байланыш операторлору жана/же маалыматтарды берүү операторлору эки айлык мөөнөттө “ЭлКатка” кызматташуу шарттарын түзүү үчүн эл аралык интернет-трафикти сатып алууга бардык колдонуудагы контракттарды өткөрүп берет.
Сүрөт: Интернет булактарынан




