Кыргызстанда бир жумада 7 адамдан коронавирус аныкталды

  • 1 год мурун

Кыргызстанда бир жумада 7 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, илдетти жуктуруп алгандын бешөөсү ооруканага жаткырылып дарыланууда. Тобокелдикти баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар жашыл зонада болду.

Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү сан 1ден аз, бул өлкөдө COVID-19 боюнча туруктуу эпидемиологиялык абалды көрсөтүп турат.

2022-жылга жана 2023-жылдын 30 күнүнө карата жалпысынан COVID-19 инфекциясынын 21 миң 851 учуру катталды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты