Кыргызстанда бир жумада 44 миңден ашуун КРВИ жана сасык тумоо учурлары аныкталды

  • 2 года мурун

Кыргызстанда бир жумада 44 миңден ашуун КРВИ жана сасык тумоо учурлары аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынаан билдиришти.

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциялар боюнча мониторингинин негизинде үстүбүздөгү жылдын 50-жумасынакарата КРВИ жана сасык тумоонун 44 миң 106 учуру катталды, анын ичинде сасык тумоонун 142 учуру лабораториялык тастыкталды.

Аталган департаменттин сунуштамаларынын негизинде Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Билим берүү жана илим министрлиги № 2742/1 буйрук менен бардык түрдөгү жана формадагы жалпы билим берүү мекемелерин 15-декабрдан 24-декабрга чейин онлайн окутууга өткөрдү.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты