Кыргызстанда бир аптада 78 адамдан коронавирус аныкталды
- 2 года мурун
Кыргызстанда бир аптада 78 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.
13 адам амбулатордук дарыланууда, 65 бейтап – ооруканага жаткырылган.
Акыркы жумадагы натыйжалуу репродуктивдик сан 1ден аз, бул оорунун азаюусун билдирет.
2022-жылдын 8 ай 18 күнүндө COVID-19дун 21 250 учуру катталган, анын ичинде 19 244 (90,6 %) учур лабораториялык түрдө жана 2006 учур (9,4%) клиникалык-эпидемиологиялык негизде тастыкталган.
Муну бөлүшүү